Биз менен байланышыңыз

ИИМ Төлөгөн Рахманберди уулунун видео кайрылуусу боюнча үн катты

Кыска кабар | 16 Фев 2020 | 1421 | 0

Буга чейин социалдык тармактарда Ош шаарынын тургуну, спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун аны уруп-сабап, коркутуп жатышкандыктары тууралуу айтып, президенттен жардам сураган видео кайрылуусу тараган. Бул кайрылуу боюнча Ички иштер министрлиги билдирүү жасады.

ИИМдин маалыматына  караганда, 2019-жылдын 4-июнунда Ош шаардык милицияга көчөлөрүн биринде ок атышуу болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерден милиция кызматкерлери 4 ок менен уюлдук телефон табышкан. Экспертизанын жыйынтыгы менен октор тапанчанын огу болуп чыккан.

Ички иштер органдарына бул факты боюнча эч ким арыз менен кайрылган эмес. Бир нече күбөлөр суралып, тилекке каршы, бул окуяга тиешеси барлар аныкталган эмес. Суралгандардын ичинде  Төлөгөн Рахманберди уулу дагы болуп, ок атышууну такыр укпагандыгын, денесинен эч кандай жаракаттарды албагандыгын билдирген.

Өткөн жылдын 22-сентябрында Ош ШИИБге Исанов көчөсүнөн Төлөгөн Рахымберди уулу аттуу жаран денесинен жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилгени маалым болгон.

Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери ок атышуу фактысы болгондугун аныкташкан. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрө баштаган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Рахманберди уулу Төлөгөн көрсөтмө берүүдөн баш тартып, жалпыга маалымдоо каражаттарына кокустан ок атуучу куралдан жаракат алгандыгын билдирген.

ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын негизинде Төлөгөн Рахманберди уулунун 2018-жылдын 28-декабрында Аламүдүн районунун Лебединовка айылында Бишкек шаарынын жашоочусу К.А. аттуу жарандын денесине жаракат келтирүүгө тиешеси бардыгы аныкталып, далилдер топтолгон. Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

ИИМ Рахманберди уулун жогоруда айтылган видео кайрылууну «кылмыш жоопкерчилигинен бошонуу жана коомчулукту адаштыруу менен укук коргоо органдарын каралоо максатында  жасады» деп эсептейт.

Андан сырткары 29-январда саат 18:00 чамасында Оштогу стадиондо белгисиз адамдар Төлөгөн Рахманберди уулунун денесине жаракат келтирген соң качып кетишкен.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 266-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган. Бирок Рахманберди уулу көрсөтмө берүүдөн баш тарткан.

Ош шаарында милиция кызматкерлери күмөн саналган «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унааны токтотушуп, андан ИИМдин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары турган 5 адам кармалган.

Copyright © 2017 Maral FM