Биз менен байланышыңыз

“Урматтуу президент, Матраимовдордун кланынан коркуп жашап калдык”(видео)

Коом , Кыска кабар | 15 Фев 2020 | 1413 | 0

2019-жылдын 22-сентябрында Ош облусунун Кара-Суу районунун Фуркат айылында атышуу болгон. Ал атышууда эрежесиз мушташтын чебери Төлөгөн Рахманберди уулу оор жаракат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөн. Кийинчерээк айрым маалымат булактары бул атышууга Ош шаардык Спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаевдин тиешеси бар экенин жазып чыгышты. Бирок Рахманберди уулу бул маалыматты төгүндөдү. Ал тапанчаны кармап олтуруп, кокустан өзүнүн бутун өзү атып алганын айтып чыккан.

Бирок 14-февралда Oshportal.kg баракчасы Төлөгөн Рахманберди уулунун президентке кайрылган тасмасын жарыялады.

Президентке кайрылуу

Эсиңиздерде болсо 2019-жылдын 21-сентябрь күнү Төлөгөн Рахманберди уулу бутуна ок жеп ооруканага түшкөн. Шектүү катары Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаев айтылган болчу. Бул тууралуу маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурпери Абдуллаева тараткан эле.Эң кызыгы ошол учурда Абдуллаева К. Саркарбаев спорт комитетинин төрагасы болуп тургандыгы тууралуу маалымат берген эмес. Ал эми Ош мэриясы бул кызматкер учурда жумушка келбей жатканын айтып чыккан. Ошол учурда журналист Ыдырыс Исаков фейсбук баракчасына бул окуя тууралуу жазып чыккан эле. Анда ал өз булактары аркылуу маалымат алганын айтып, Ошто атышуу болгонун билдирген жана ага мэриянын кызматкери аралашканын айткан.Ошентип аягында Төлөгөн Рахманберди уулу арыз жазуудан баш тарткан болчу. Эми ал президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып жатат. Анткени ал балдак таянып баса албай жүрсө да ур токмокко калганын айтат. Ошондой эле аны коркутуп арыз жазуудан баш тарттырышканын билдирди.

Опубликовано Oshportal.kg Пятница, 14 февраля 2020 г.

Анда ал Нурбек Раимбековдун адамдары тарабынан коркутуулар болуп жатканын айткан. Ага кошумча Ош шаардык Спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаев да бутуна мылтык менен атканын билдирген. Ошондой эле, бүгүнкү күндө балдак менен басып жүргөнүнө карабай, Матраимовдордун адамдары коркутууларын уланып жатканын маалымдаган.

Айта кетсек, Төлөгөн Рахманберди уулу эрежесиз мушташтын чебери, бир-нече дүйнө биринчиликтеринин чемпиону. Муну менен катар Рахманберди уулунун крим чөйрөдө да аты аталып келет. Анын “казак” каймана аты менен белгилүү болгон крим афторитеттин чөйрөсүнөн экенин жазгандар бар.

Copyright © 2017 Maral FM