Биз менен байланышыңыз

Араван: Ишкерди коркутуп акча талап кылган 2 жаран кармалды

Кыска кабар | 24 Июл 2019 | 599 | 0

Араван райондук Ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери ишкерди опузалап, акчасын тоноого аракет кылган кылмыштуу топту колго түшүрдү. Бул маалыматты Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат бөлүмү берди.

Маалыматка ылайык, А. Анаров айыл аймагында жайгашкан май алмаштыруу жайынан Араван районунун тургуну, жеке ишкер 1994-жылы туулган Э. Ж. аттуу жаранга бейтааныш 2 адам келип, «Түрмөгө 16 миң сом бересиң, болбосо өзүнү түрмөгө алып барабыз», — деп,  опузалап акча талап кылганы тууралуу кабар Араван райондук Ички иштер бөлүмүнө келип түшкөн.

Мунун негизинде жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын арты менен 22-июлда 18:00 чамасында Араван районунун А. Анаров айылынан Ош шаарынын 1975-жылы туулган тургуну  М.Д., жана Кара-Суу районунун 1976-жылы туулган тургуну М.Х., аттуу жарандар жогоруда аталган жарандан 10 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалышкан.

Бул факт Араван райондук Ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-Жаза кодексинин 203-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынып, кылмышка шектүүлөр М. Д., жана М. Х., Араван РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM