Сокулук районунун Новопавловка айылынан 9-класстын окуучусунун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-июнда Сокулук райондук милиция кызматына Новопавловка айылында жансыз дене табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Милиция кызматкерлери окуя жерине барып, үйдүн короосунда асынып турган өспүрүм баланын жансыз денесин көрүшкөн. Асынып алган бала Д. А. аттуу Сокулук районунда 9-класстын окуучусу болгон.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, Сокулук райондук Ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тийиштүү экспертиза дайындаган.

Учурда окуя териштирилүүдө.