Биз менен байланышыңыз

Чүй облусунда зыянкеч америка ак көпөлөгү аныкталды

Кыска кабар | 9 Июн 2019 | 639 | 0

Чүй облусунун Москва районунда америка ак көпөлөгүнүнү 1-2 мууну аныкталып, учурда аларга каршы жүргүзүлүүчү иш чаралар пландалып жатат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Америка ак көпөлөгү бир жылда 3 муунга чейин чыгат. 1-2 муундагылары алма гүлдөгөн мезгилден август айына чейин учушат. Мөмө-жемиштер үчүн эң кооптуу болуп дал ушул 1-2 муундагалылар саналат. 

Көпөлөктүн бул түрү мөмө-жемиштердин 230 түрүнө чейин кол салып, зыян келтирет. Анын ичинде алма, алча, грек жаңгагы, кара өрүк, шабдаалы, алмурут жана башка мөмө-жемиштер.

Эске салсак, америка ак көпөлөгү – Түндүк Америкадан тарап, Орто Азияны 1990-жылдары каптаган.

Copyright © 2017 Maral FM