Биз менен байланышыңыз

Режиссер Болот Шамшиев «Акыйкат» медалы менен сыйланды

Кыска кабар | 3 Июн 2019 | 448 | 0

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов СССРдин Эл артисти, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевди «Акыйкат» медалы менен сыйлады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Акыйкатчы Токон Мамытов режиссер Болот Шамшиевдин чыгармаларында адам укуктарынын маселелери таасын чагылдырылганын баса белгиледи.

Режиссердун «Эсимде» аттуу жаңы жазган романынын башкы кейипкери Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарына негиз салуучу, белгилүү юрист-окумуштуу Карпек Курманов болгон. Ошондой эле, ал башка да тарыхый инсандар камтылганын, роман телесериалга ылайыкталып жазылганын, уландысын жазууну ойлонуп жатканын билдирди.

Мындан тышкары, Болот Шамшиев укук коргоочулар ар убакта жашап келишкенин, алар өз акыйкаттыгы үчүн күрөшкөнүн, чындык үчүн чыркыраган адамдардын тагдырлары тууралуу баяндады.

Эске салсак, залкар режиссер Болот Шамшиев тасма айдыңына эбегейсиз зор салым кошкон. Анын «Караш-Караш», «Ак кеме», «Эрте жаздагы турналар» сыяктуу ондогон көркөм тасмалары учурда да көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырып келет.

Copyright © 2017 Maral FM