Биз менен байланышыңыз

Беларусияда кыргыз кинолору көрсөтүлөт

Көңүл ачуу , Кыска кабар | 7 Апр 2021 | 5076 | 0

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана СССРдин эл артисти, кинорежиссёр Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына карата Минск шаарындагы  «Беларусь» кинотеатры атактуу режиссёрдун жана кыргыз тасмаларын көрсөтөт. Бул маалыматты Кыргызстандын Беларусиядагы элчилиги кабарлады.

9-11-апрелде кыргыз киносунун күндөрүндө Минск шаарынын тургундары мындан 49 жыл мурда тартылган кыргыздын шедевр тасмаларын көрө алышат. Аталган мамлекеттин жарандарына сунушталып жаткан кинолор кезинде улуттук жана эл аралык кино сыйлыктарынын байгелерине татыган.

Беларусиядагы кыргыз кино күндөрү эки өлкөнүн ортосундагы маданий эл аралык кызматташуунун алкагында, бул жааттагы карым-катышты  жакшыртуу максатында өтөт. Элчилик бул маданий иш-чара Беларусиянын Маданият министрлигинин колдоосу менен уюштурулганын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM