Биз менен байланышыңыз

Президент: Болот Шамшиев эмгектери менен өзүнө түбөлүктүү эстелик тургузуп кетти

Кыска кабар | 24 Дек 2019 | 650 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-декабрда, залкар кинорежиссер Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына байланыштуу көңүл айтуу кайрылуусун жолдоду. Мамлекет башчысынын кайрылуусун президенттик аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев окуду.

Кыргыздын залкар режиссёру Болот Шамшиев керемет кинотасмаларды тартып, Советтер Союзуна гана эмес, эл аралык деңгээлде да таанылганын өлкө президенти кайрылуу катында баса белгилеген.

Болот Шамшиевдин чыгармалары кыргыз киносунун «кереметин» түзгөн өзгөчө бир доордун ажырагыс бөлүгүн түзөт. Анын режиссердук таланты улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу толук ачылып, ал 20-кылымдын киноклассиктеринин бири болуп калды, — деп айтылат көңүл айтуу кайрылуусунда.

Болот Шамшиев кыргыз тарыхын, айрыкча „Манас“ эпосун терең изилдөө үчүн олуттуу иштерди аткарганын да мамлекет башчысы көңүл чордонунан чыгарган жок:

Болот Шамшиев „Манас“ эпосуна жөн гана эпикалык чыгарма катары эмес, биздин дүйнө таанымыбыздын уңгусу, ыйык феноменибиз катары мамиле кылды. Биринчи тарткан илимий-популярдуу тасмасы Манас темасына арналды. Бул фильм Германияда өткөн эл аралык кинофестивалда баш байгеге татыган. Ал эми 1995-жылы „Манас“ эпосунун 1000 жылдык мааракеси белгиленгенде масштабдуу чоң театралдаштырылган оюндун башкы режиссеру болгон, — деп белгиленет.

Президент Жээнбеков маркум Болот Шамшиев залкар кинорежиссер гана эмес, көптөгөн актёрлордун талантын, алардын ички дараметин ачкан көрөгөч жетекчи болгонун баса белгилеп:

Болот агабыз Сабира Күмүшалиеваны театрдан киного алып келгенин, Сүймөнкул Чокморовдун актердук улуу талантын ачканын, Советбек Жумадыловду, Орозбек Кутманалиевди кино дүйнөсүнө тартып, чоң кино жылдыздарына айландырган, Кош, Болот Төлөнович! Кыргыз эли сиздин эмгегиңизди эч убакта эсинен чыгарбайт! — деп өз сөзүндө улуу режиссердун кайталангыс талантына баа берди.

Болот Шамшиев мамлекеттик жана коомдук ишмер катары да үзүрлүү эмгек өтөп, Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты болгону, Туризм жана спорт агенттигинин директору, элчилик кызматтарды аркалаганы кайрылууда айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM