Биз менен байланышыңыз

Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 24-декабрга белгиленди

Кыска кабар | 22 Дек 2019 | 1147 | 0

Бишкекте 24-декабрда белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болот. Иш чара А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтөт.

Ага маркумдун үй-бүлөсү, жакындарынан сырткары, атактуу кинорежиссёрдун кесиптештери, шакирттери, аткаминерлер жана талантына таазим кылган күйөрмандары катышып, улуу инсан тууралуу эскерүүлөргө орун берилмекчи.

Эске сала кетсек, бир айдан бери президентке караштуу атайын адистештирилген оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткан Болот Шамшиев 21-декабрь күнү дүйнө салган.

Советтик жана кыргызстандык кинорежиссёр, сценарист, актер Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда туулган.  Ал «Ак кеме», «Караш-Караш», «Сүйүү закымдары» ж.б бир катар белгилүү фильмдердин режиссеру жана «кыргыз кереметинин» көрүнүктүү өкүлү болуп саналат. Шамшиев 1975-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти наамына, 1977-жылы СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыган. Ал эми 1991-жылы СССРдин Эл артисти наамын алган.

Copyright © 2017 Maral FM