Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Канышбек Сагинбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Кыска кабар | 2 Янв 2020 | 640 | 0

Бүгүн, 2-январда Кыргыз ССРнин Жогору Советинин Президиумунун төрагасынын мурдагы орун басары, Социалисттик эмгектин Баатыры Канышбек Сагинбаева жерге берилди.

Коштошуу зыйнатына БШК төрагасы Нуржан Шайдылдабекова, теолог Кадыр Маликов, Өкмөт аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Маратбек Чолпонкулов, Саламаттык сактоо боюнча мурунку министр Талант Батыралиев жана башкалар катышты.

31-декабрда 83 жаш курагында каза болгон Канышбек Сагинбаева 1937-жылы 7-августта Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Аксай айылында туулган.

Ал бүтүндөй эмгек жолун фабрикага арнап, ошол жерден 55 жашында пенсияга чыккан. Ардактуу эс алууга чыгардын алдында 10 жыл бою ал өндүрүштө мастер болуп иштеген.

Канышбек Сагинбаева 1974-жылы Кызыл туу ордени менен сыйланган, ал эми 1976-жылы Кыргыз ССР Коммунисттер партиясынын Борбордук комитетинин мүчөсү болуп шайланган.

1977-жылы Канышбек Сагинбаева Октябрь революциясы ордени менен сыйланган. Ушул эле жылы Кыргыз ССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.

Канышбек Сагинбаева бир нече жолу Кыргыз ССР Коммунисттер партиясынын Борбордук комитетинин мүчөсү болуп шайланган.

1980-жылы Канышбек Сагинбаева Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасынын орун басары болуп шайланган, Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын 25-съездинин делегаты болгон.

1984-жылы ага эмгектеги жетишкен ийгилиги үчүн Социалисттик эмгектин Баатыры наамы ыйгарылган. Мындан тышкары Канышбек Сагинбаева Ленин, Эмгек Кызыл туу жана Октябрь революциясы ордендери, Социалисттик эмгектин Баатыры жылдызы менен сыйланган.

Канышбек Сагинбаева өмүрүн өндүрүшкө, аны өркүндөтүүгө жана эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга, эмгекчилердин укуктарын коргоого арнаган.

Copyright © 2017 Maral FM