Биз менен байланышыңыз

Атамбаевди кармоодо каза болгон УКМКнын кызматкери жерге берилди

Кыска кабар | 9 Авг 2019 | 894 | 0

Кой-Ташта Атамбаевди кармоо атайын операциясында каза болгон УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбековдун сөөгү жерге берилди.  Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына УКМКнын төрагасы жана президенттик аппараттын, Өкмөттүн өкүлдөрү катышты. Үсөнбек Ниязбеков көзү өтүп кетсе да агы полковник аскердик наамы ыйгарылды.

7-августта Кой-Ташта Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда УКМКнын ”Альфа” атайын бөлүгүнүн командиринин орун басары Ниязбековго согуштук куралдан атылган ок тийип жарадар болгон. Ага чукул операция жасалганына карабай, алган жаратынан каза болгон.

47 жашка чыккан аскер кызматкеринин артында 4 баласы калды.

Үсөнбек Ниязбеков 1972-жылы Ош облусунун Ноокат районунун Бел-Өрүк айылында туулган. Ош технологиялык университетин аяктаган.

Аскердик кызматын 2000-жылы Ош шаарындагы атайын кызматтын атайын опер өкүлү кызматынан баштаган.

2019-жылдын февраль айында УКМКнын атайын багыттагы кызматынын начальнигинин орун басары кызматына дайындалган.

Аскердик кызматын аркалоодо “Эрдик” медалы менен сыйланган. Мындан сырткары мамлекеттик жана ведомстволук бир катар сыйлыктарды алган.

Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы болгон.

Ушул жылдын сентябрында УКМКнын полковниги аскердик наамын алмак.

Copyright © 2017 Maral FM