Биз менен байланышыңыз

Журналист, агартуучу Кубанычбек Чороев каза болду

Кыска кабар | 7 Дек 2019 | 811 | 0

Көрүнүктүү журналист, жазуучу, агартуучу Кубанычбек Чороев оорудан улам 6-декабрь күнү 65 жашында каза болду.

Бул тууралуу журналист Кубат Чекиров фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маркумдун сөөгү жекшемби күнү өзүнүн өскөн айылы Эчки-Башы айылында жерге берилет.

Кубанычбек Чороев 1954-жылы 10-ноябрда Чүй облусундагы Кант районуна караштуу Люксембург кыштагында туулган.

Көп жыл бою райондук, областтык жана республикалык газеталарда иштеген. 1993-жылдан бери Бишкек шаарында ишкерчилик менен алек болуп келген.

Кубанычбек агайдын көркөм чыгармалары жана тандалма журналисттик макалалары 2014-жылы “Жылдыздар кайтып келишет” деген аталышта өзүнчө жыйнак болуп басылган. 2015-жылы “Дөөлөт таңы” повесттер, аңгемелер, новеллалары жыйнагы жарык көргөн.

Copyright © 2017 Maral FM