Биз менен байланышыңыз

Маркум Молдакун Абдылдаевдин жубайы менен уулу жерге берилет

Кыска кабар | 15 Июл 2019 | 862 | 0

Бүгүн маркум Молдакун Абдылдаевдин жубайы менен уулу жерге берилет.

Сууга агып каза болушкандарды акыркы сапарга узатуу зыйнаты саат 10:00дө Бишкектин Кара-Жыгач конушунда өтөт. Бул тууралуу маркумдун кызы Индира билдирди.

Илимбек Абдылдаевдин денеси кечээ, 14-июлда түшкө жуук Нарындын Жумгал районундагы Арал айылынан 7-8 чакырым төмөн тараптан табылган.

Илимбек Жайыл районунун аймагынан унаа менен Көкөмеренге кулап, денеси жансыз табылган 5 адамдын акыркысы болду.

Буга чейин Молдакун Абдылдаевдин, анын жээн небересинин, жубайынын жана айдоочунун денеси табылган. Издөө иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 99 куткаруучусу улантышкан.

30-июнда Ат-Башыдан Суусамырга бара жатканда Көкөмерен суусуна кулаган унаада жалпы 5 адам болгон.

Copyright © 2017 Maral FM