Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Академик Бейшен Иманакуновдун сөөгү жерге берилет

Кыска кабар | 28 Окт 2019 | 822 | 0

Бүгүн, 28-октябрда окумуштуу химик, академик Бейшен Иманакунов жерге берилет. Академик 90 жаш курагында каза болгон. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын имаратында өтөт.

Бейшен Иманакунов Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер, илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болуп саналат. Ал комплекстүү бирикмелер, физика-химиялык анализге бараандуу салым кошкон эмгеги менен таанымал.

Академик Иманакунов Улуттук илимдер академиясынын органикалык эмес жана физикалык химия институтунда узак жылдар бою эмгектенген. Акыркы жылдары илимдер академиясында асыл металлдардын химиясы жана технологиясы лабораториясынын башчысы болуп турган.

Иманакуновдун жетекчилиги алдында 4 докторлук жана 36 кандидаттык диссертация корголгон. Окумуштуу 350дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде жети монографиянын, 20дан ашуун ойлоп табуулардын автору экени маалым.

Copyright © 2017 Maral FM