Биз менен байланышыңыз

Белгилүү кинорежиссер Болотбек Шамшиев акыркы сапарга узатылды (сүрөт)

Кыска кабар | 24 Дек 2019 | 1739 | 0

Бүгүн, 24-декабрда Бишкекте «кыргыз кино кереметинин» негиздөөчүлөрүнүн бири, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатышты.

Маркум менен коштошуу үчүн анын туугандары, жакындары, достору, санаалаштары жана шаар тургундары келишти. Андан тышкары, коштошуу жөрөлгөсүнө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, депутаттар жана маданияттын өкүлдөрү катышып, улуу инсанды эскерүү менен жакындарына көңүл айтышты.

Президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун көңүл айтуу кайрылуусун окуп берди.

Маркумду узатуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү.

Эске салсак, Болот Шамшиев катуу оорудан кийин ушул жылдын 21-декабрында 78 жашында көз жумду.

Copyright © 2017 Maral FM