Биз менен байланышыңыз

Атактуу кинорежиссер Болот Шамшиев каза болду

Кыска кабар | 21 Дек 2019 | 2457 | 0

Кыргызстандын атактуу кинорежиссёру Болот Шамшиев каза болду. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

Болот Шамшиев бир айдан бери президентке караштуу атайын адистештирилген оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткан болчу.

Советтик жана кыргызстандык кинорежиссёр, сценарист, актер Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда туулган.  Ал «Ак кеме», «Караш-Караш», «Сүйүү закымдары» ж.б бир катар белгилүү фильмдердин режиссеру жана «кыргыз кереметинин» көрүнүктүү өкүлү болуп саналат. Шамшиев 1975-жылы Кыргыз ССРинин Эл артисти наамына, 1977-жылы СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыган. Ал эми 1991-жылы СССРдин Эл артисти наамын алган.

Copyright © 2017 Maral FM