Connect with us

Бүгүн Матраимов «Азаттыктын» иликтөөсү боюнча жооп берет

Кыска кабар | 3 Июн 2019 | 597 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов бүгүн, 3-июнда «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган 700 миллион доллардын чыгарылып кеткени боюнча маалымат берет. Бул тууралуу депутат өзү Vesti.kg сайтына кабарлаган.

Матраимов 5-каналдын «Ой бүгүн» программасына катышып, ошол жерден маалымат берет.

Белгилей кетсек, Искендер Матраимов буга чейин иликтөө боюнча жооп даярдалып жатканын айткан болчу.

Эске салсак, 29-май күнү «Азаттыктын» журналисти Али Токтакунов Матраимовдун мүлкү тууралуу иликтөөсүн жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM