Биз менен байланышыңыз

Финполдун бирдиктүү эсепке которгон акчасы 700 миллиондон ашты

Кыска кабар | 3 Июн 2019 | 417 | 0

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы бирдиктүү депозиттик эсепке 36 миллион 988 миң 698 сом которду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Финансы полициясынын бирдиктүү депозиттик эсепке которгон акчасынын жалпы суммасы 700 миллион 441 миң 493 сомду түздү.

Кошумчалай кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков бирдиктүү эсепке чогулган каражаттар Чүй облусуна жана Бишкек шаарына мектеп курууга жумшаларын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM