Биз менен байланышыңыз

Мамытканов: «Көңүл бургула!» демейинче, бийлик эч нерсе сезбейт

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Июн 2019 | 437 | 0

Митингдердин баарын Горький гүлбагына жөнөтүп коюу бийликке аброй алып келбейт. Мындай пикирин УКМКнын коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Максат Мамытканов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бийлик кандай экенин ачык көрсөтүп жатат. «Коррупцияга каршы чыныгы күрөш» деген ураан менен уюштурулуп жаткан тынчтык митинги ШКУнун саммитине эч кандай таасир тийгизбейт.

«Жарандык активисттер мамлекеттеги бирден-бир көйгөйдү көтөргөнү турат. Демократиялык өлкөдө митинг — элдин оюн бийликке жеткирүү жолу. Ал бийликтин эл менен байланышуусуна шарт түзөт. Митинг мамлекетке каршы өткөрүлбөйт, ал пикир алмашуу маанисинде уюштурулат. Мындан улам, митингдерден коркпош керек. «Көңүл бургула!» демейинче, бийлик эч нерсе сезбейт», — дейт Мамытканов.

Анын баамында, жарандык активисттердин тынчтык митингине чыгуусу жакшы көрүнүш. Анткени, бийлик кемчиликтерин аныктап, түз саясат алып баруусуна жакшы өбөлгө түзүлөт. Митингге тыюу салынса, карама-каршылык жаралышы ыктымал.

«Бийлик космоско учуп кетип, жерде эмне болгонун байкабай калгандыктан, президенттер кетип жатат. Былтыр президент Сооронбай Жээнбеков жарандык коом менен жолугушууга көңүл бөлөрүн айткан, а эмне үчүн азыр андай ою жок? Жээнбеков ШКУнун жыйыны өткөн соң, шашылыш кеңешме өткөрүшү зарыл», — дейт Мамытканов.

Кошумчалай кетсек бүгүн, 3-июнда жарандык активисттер «Коррупцияга каршы чыныгы күрөш» деген ураан менен тынчтык митингине чыгышат. Ал Бишкектеги Горький гүлбагында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM