Биз менен байланышыңыз

Бишкекте зомбулукка каршы тынчтык акциясы болуп өттү

Кыска кабар | 10 Мар 2020 | 498 | 0

Бүгүн, 10-мартта Бишкек шаарындагы Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында зомбулукка каршы тынчтык акциясы болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө 8-марттагы акциядагы милициянын аракетине баа берүүнү, Баш мыйзамдын сакталышын, ар бир жарандын тынчтык митинге чыгууга укугу бар экендигин талап кылышып,  «Зордук-зомбулукка каршыбыз» деген чакырыктарды айтышты.

Акция саясий багытта эмес, тынч болду. Милиция бир-эки чагым болуп жаткан учурду жөнгө салып, акцияга чыккандарды коргоду.

Уюштуруучулар катышуучулардан чагымчылдыкка алдырбоону суранып, аянтты бошотуп тарап кетүүнү суранды.

Иш-чарага экс- президент Роза Отунбаева, экс- депутаттар Мира Жангарачева, Ширин Айтматовалар жана бир канча коомдук активисттер да катышты.

Copyright © 2017 Maral FM