Биз менен байланышыңыз

«Кокон хандыгындагыдай деңгээлге келдик»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Июн 2019 | 774 | 0

УКМКнын Коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Максат Мамытканов «Марал» радиосуна берген маегинде өлкөдө коррупция менен күрөштүн стратегиясы такыр туура эмес экенин билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коррупция менен күрөшүүнүн шарттары иштелип чыга элек. Стратегияны түзгөндөр да аны ишке ашыруу жолдорун түшүнүшпөйт.

«Бул көрүнүштөрдүн баары 1991-жылы эгемендүүлүк алып, жаңы саясий коом түзүлө баштаганда, байлык топтоо, аны менен мамлекетти башкаруу, көз карандылык саясий системага алмашып, идеологиялык вектор башка багытка бурулган», — дейт Мамытканов.

Анын баамында, коррупциялык схеманын максаты бийликке жетип, капиталды өз кызыкчылыгына иштетүү. Экономика жөнөкөй адамдардын турмушун жакшыртууга багытталган эмес. Ошондуктан, экономикалык кризис болуп жатат. Ал эми коррупция — байлыктын бир булагы.

«Ошонун арты менен бийликке келип, элди кул катары колдонуп, Кокон хандыгынын маалындагыдай деңгээлге келдик. 100 жыл мурдагы социалисттик революциядан кийин азыркы абалыбыз 1916-жылы болгон толкуундоолорго окшош. «Ошондо кыргыздар бай-манаптарды кубалап, революцияны эмнеге кылды эле?» — деген суроого тарыхчылар да жооп бере албайт. Анткени, ал кезде саясий кырдаал башкача эле», — дейт Мамытканов.

Copyright © 2017 Maral FM