Биз менен байланышыңыз

Эл аралык издөөдө жүргөн Түркия жараны кармалды

Кыска кабар | 3 Июн 2019 | 503 | 0

Эл аралык издөөдө жүргөн Түркиянын жараны Кыргызстандан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Мекеменин айтымында, «У» аттуу Түркия жараны Кыргызстандын аймагында жашырынып жүргөнү, жасалма документтер менен Европа өлкөлөрүнө чыгууга аракет жасаганы тууралуу милицияга маалымат түшкөн. Ыкчам аракетке өткөн ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы эл аралык издөөдө жүргөн 35 жаштагы Түркия жаранын Бишкек шаарынан колго түшүргөн.

Шектүү Бишкек шаардык милициясынын № 1 убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сот аны 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Учурда тергөөгө чейинки иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM