Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда кылмыш жасап жашырынып жүргөн шектүү Москвадан табылды

Кыска кабар | 2 Окт 2019 | 439 | 0

Кыргызстандын аймагында ири суммадагы алдамчылык жасап, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран Москвада экени аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ушул жылдын сентябрь айынын аягында ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү Орусия Федерациясынын ИИМдин Москва шаарындагы аймактык түзүмүнүн бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Кыргызстандын аймагында жасаган кылмыш иши үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаранды аныкташты.

Орусиянын Красноярск крайынын тургуну, 1969-жылы туулган Ю.Н. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2,3-пунктарында көрсөтүлгөн (Кызматтык абалды пайдалануу менен өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) кылмышты жасоого айыпталган. Шектүү Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын тергөөсүнөн жашырынып, издөөдө жүргөн.

Аталган жаран, 2016-жылы апрель айында бир Жоопкерчилиги чектелген коомдун директору болгон учурунда башка ЖЧК менен чийки мунайды ташуу боюнча жалпы суммасы 328 604 АКШ долларына келишим түзгөн. Мунайды алгандан кийин ЖЧКнын директору Ю.Н. келишимдин шарттарын аткарбастан, жашырынып кеткен. Ал өзүнүн иш-аракети менен ЖЧКга жалпы суммасы 22 миллион 696 миң 400 сомдук материалдык чыгым келтирген.

Издөөгө алган тарап маалымдалып, 1993-жылкы Минск конвенциясына ылайык маселелер чечилип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM