Биз менен байланышыңыз

Издөөдө жүргөн “Хизбут-Тахрир” экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды

Кыска кабар | 6 Ноя 2019 | 423 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмдун “амири” болгон Ш.Т. аттуу кошуна мамлекеттин жаранын колго түшүрдү. Шектүү өз өлкөсүндө “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмуна катышкандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн.

Бул тууралуу УКМКнын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Экстремисттик топтун “амири” диний экстремисттик жана террористтик уюмдардын мыйзамсыз иш-аракеттерине каршы күрөшүү иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарында кармалган. Ал Кыргызстандын аймагында диний экстремисттик уюмдардардын жашыруун ячейкаларынын иш-аракеттерин жетектеп жүргөн.

Такталгандай, “Ш.Т.” жасалма паспорт колдонуп, Кыргызстандын аймагында экстремисттик аракеттерин активдүү жүргүзгөн. Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренесинин 3-б, 39-беренеси жана 358-беренесинин 1-б. боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, УКМК тергөө органдары тарабынан кармалган адамга карата сотко чейинки өндүрүш башталды. Шектүү  Бишкек шаарынын №1-Тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM