Биз менен байланышыңыз

Ошто үй ээлери менен банкты алдап жүргөн жаранды милиция Москвадан кармады

Кыска кабар | 16 Окт 2019 | 473 | 0

Кыргызстанда алдоо жолу менен жарандардын мүлкүнө ээ болгон адам Москва шаарынын аймагында жашырынып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

ИИМдин Орусиядагы Өкүлчүлүгү Ош ОИИБдин КМКнын ыкчам коштоосу, Москва шаарынын аймактык укук коргоо органдары менен биргеликте өз өлкөсүндө жасаган кылмыш иши үчүн ички иштер органдарынан жашырынып, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жаранынын кайда экендиги аныкташкан.

Ыкчам-иликтөө иш-чаралары учурунда Москва шаарынын аймагынан Ош облусунун тургуну, 1978-жылы туулган К.К. аттуу жаран кармалган. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 350-беренесинин 2-бөлүмүндө (Жасалма документти атайылап пайдалануу менен документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн Ош облусунун Алай РИИБдин тергөө органдарынан изин жашырып качып жүргөндүктөн, издөөгө алынган.

Шектүү жаран жеңил баюуну көздөп, 2010-жылы жеке нотариус менен алдын ала сүйлөшүп алып, турак-жайдын ээсинин жеке макулдугу жок, өзү үй ээсинин колун жасап койгон. Андан соң, кылмыштуу жол менен кыймылсыз мүлктү өзүнө ыйгарып алган. 2012-жылы кылмышкер кыймылсыз мүлктү банкка коюп, 300 000 сом өлчөмүндөгү насыяны өз жубайына каттаган. Андан соң, акча каражатын алып, өз керектөөсүнө коротуп, банкка материалдык чыгым келтирген.

Азыркы учурда издөө алган тарап маалымдалып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргыз Республикасына жеткирүү боюнча маселелер чечилди.

Copyright © 2017 Maral FM