Биз менен байланышыңыз

УКМК издөөдө жүргөн террордук топтун мүчөсүн колго түшүрдү

Кыска кабар | 5 Ноя 2019 | 397 | 0

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) эл аралык издөөдө жүргөн террордук топтун мүчөсүн колго түшүрдү.

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы бүгүн билдирди.

Издөөдө жүргөн шектүүнү УКМК өнөктөш кызматтар менен биргеликте эл аралык террордук уюмдардын мүчөлөрүн жана согушкерлердин Кыргызстандын аймагына кирүү каналына бөгөт коюуу алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ушул жылдын октябрь айында кармаган.

«Шектүү 1995-жылы туулган “Х.М.” аттуу Кыргызстандын жараны Жалал-Абад облусунун тургуну “Жалданмачылык” беренеси боюнча издөөдө жүргөн. Такталган боюнча, ал 2015-жылы Сирияга кетип, диверсиялык-террористтик атайын даярдыктан өтүп жана эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү болуп Сирия өкмөтүнө каршы согушка катышкан. Кылмыштуу максаттарын жашыруу үчүн КМШ мамлекеттеринин биринде эмгек мигранты катары жашырынып жүргөн«, — деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Азыркы убакта “Х.М.” Жалал-Абад шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген, тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM