Биз менен байланышыңыз

Ооруканада жаткан Текебаевдин апасы Бишкекке келди

Кыска кабар | 2 Июн 2019 | 463 | 0

Бүгүн, 2-июнда ооруканада жаткан саясатчы Өмүрбек Текебаевге апасы келди. Бул тууралуу Чыңгыз Сатаров аттуу Фейсбук колдонуучусу өздүк баракчасына жазды.

Ал майыптар арабасында отурган Тилла апаны дагы бир уулу коштоп келген сүрөтүн коюп, «Үлгүлүү Тилла Энебиз уулу Өмүрбек Чиркешовичтен кабар алганы келди. Тилла эне, сизге рахмат ушундай Ээл үчүн башын, өмүрүн арнаган уулду тарбиялаган сизге Аллах ыраазы болсун! Тилла эне, сизге бекем ден соолук, узун өмүр берсин! ООМИЙИН», — деген билдирүү калтырган.

«Ата Мекен» партиясынын лидери, абактагы Өмүрбек Текебаев мурдагы күнү №47 түзөтүү жайынан Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулган.

Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин чечимин аткаруу боюнча абактагы Өмүрбек Текебаевдин ден соолугунун абалын көзөмөлдөө, текшерүү жүргүзүү жана дарылоо үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан медициналык комиссия түзүлгөн.

Буга байланыштуу Текебаев ден соолугун текшерүүдөн өткөрүү үчүн Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулган.

«Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон. Текебаев жана Чотонов айыптарды четке кагып, муну саясий куугунтук катары баалап келишет.

Ушул жылдын 3-майында Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап, аларга карата чыккан сот өкүмдөрүн өзгөртүүсүз калтырган.

Copyright © 2017 Maral FM