Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-өзбек чек ара кызматынын башчылары жолугушту

Кыска кабар | 1 Июн 2019 | 751 | 0

Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев Өзбекстандык кесиптеши Руслана Мирзаева менен жолугушту.

Бул тууралуу чек ара кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Жолугушуу 30-май түнү эки өлкөнүн чек ара тилкесинде болгон окуяга байланыштуу уюштурулган.

Анда тараптар, кыргыз-өзбек чек арасындагы болгон окуяны талкуулашты. тийиштүү жетекчилер менен окуя катталган аймакты жеринен көрүп чыгышты.

Биргеликте иликтөө жүргүзүп, айыптууларды эки татарптын мыйзамынын чегинде жазага тартуунун макулдашышты.

Чек ара кызматынын башчылары эки өлкөнүн мамлекет башчылары аныктаган биргеликте корголгон чек ара аймактарында тынчтыкты, туруктуулукту сактоо жана келип чыккан көйгөйлөрдү ынак-кошуналык, достук жана конструктивдүү кызматташуу аркылуу чечүү багытын бекем сактоого даяр экендиктерин билдиришти.

Эске сала кетсек, 30-майдын түнү Оштун Араван районунун Тогуз-Булак айылына жакын жердеги кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыгып, ок атылган.

Кыргызстандын чек арасына кирген Өзбек Республикасына таандык унаанын айдоочусу чек арачылардын талабын четке кагып токобой койгон. Чек арачылар алгач эскертүү иретинде асманга ок атышкан. Ага да карабай качкандыктан, дөңгөлөккө атууга мажбур болушкан. Мунун айынан бир өзбек жараны жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Copyright © 2017 Maral FM