Биз менен байланышыңыз

Товарларды чек арадан өткөрүү процесстерин жөнөкөйлөштүрүү боюнча кеңешме өттү

Без рубрики , Кыска кабар | 31 мая 2019 | 536 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстан аркылуу үчүнчү өлкөгө товар ташуу шарттарын жеңилдетүү тууралуу казак тарап менен жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө биздин өлкөдөн товарларды экспорттоонун учурдагы абалына, бажылык шарттарына жана жалпы өндүрүмдөрдү Казакстандын аймагы боюнча өткөрүү процесстерине байланышкан маселелер талкууланды.

Ошондой эле, тараптар Кытай, Казакстан жана Кыргызстандан ташылган товарлардын баасын шайкештөө жана аларды эл аралык өз ара соодада колдонууну камсыздоо иштерин улантууга макулдашышты.

Мындан сырткары, Казакстан аркылуу Кытай, Орусия жана башка өлкөлөргө товар ташууда казак тарап статистика түзүү максатында документтердеги жалпы маалымат менен чектелери тууралуу макулдашылды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чек арадан тоскоолдуксуз өтүү үчүн процедуралардын шарттарын сактоо боюнча жүк ташуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшырды.

 

Copyright © 2017 Maral FM