Биз менен байланышыңыз

Huawei компаниясы америкалык өнөктөштөрүн өз мекенине кетирди

Дүйнө , Кыска кабар | 31 мая 2019 | 534 | 0

Кытайлык «Huawei» компаниясы АКШдан келген өнөктөштөрүнө кызматташууну токтотуу буйругун берди. Ошондой эле, АКШнын Соода министри кытай компаниясын кара тизмеге киргизгендиктен, америкалык кызматкерлерге мекенине кайтууну сунуштады. Бул тууралуу Financial Times гезити билдирди.

Маалыматка ылайык, компания жетекчиси Дан Вэнь Шуань гезитке берген маегинде «Huawei» кара тизмеге киргенден кийин, америкалык кызматкерлерге компьютерлерин алып, имараттан чыгып кетүүнү суранышканын айткан.

«Эртең эмне болорун билбейбиз. Андыктан, эмитен эле ачык айтканыбыз оң», — дейт Дан Вэнь Шуань.

Май айынын башында АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы «Huawei» компаниясын «АКШнын улуттук коопсуздугуна каршы келген ишмердүүлүгү үчүн» америкалык фирмалар менен соода алакасын жүргүзө албаган ишканалардын тизмесине киргизген.

Copyright © 2017 Maral FM