Биз менен байланышыңыз

Баткенде 3 чек ара отряды жана 28 чек ара тосоту бар

Коом | 31 мая 2019 | 944 | 0

Баткен облусу Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрү менен чектеш жайгашкан. Бүгүнкү күндө облус боюнча 3 чек ара отряды, 28 чек ара тосоту бар. Соңку жылдары облус аймагында заманбап чек ара тосоттору курулуп, чек арачылардын саны да өсүүдө. Ошондой эле, аларга болгон камкордук жакшырып, заманбап курал-жарак, байланыш каражаттары жана техникалар менен камсыз болуп жатышат.

Медербек Мирлан уулу «Газпром» чек ара тосотунда кинолог кызматын аркалайт. Кинологдор мамлекеттик чек араны кайтарууда алмаштыргыс жардамчы болгон из кубар иттерди асырашат. Медербек Мирлан уулу өзүнүн ити туурасында буларды айтып берди:

— Иттин негизги жумушу — из кубарлык. Чек ара кезметтерине кошо ала чыгам. Чек ара бузуулар байкалган болсо, ит ошонун изи менен табат. 3 маал тамак берип, күн сайын машыктырып турабыз. Из кубар иттерди негизинен 2 айынан баштап тарбиялап, үйрөтөбүз.

Айдаркен чек ара отрядына караштуу «Газпром» чек ара тосоту Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында жайгашкан. 2018-жылы Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык макулдашуунун алкагында курулуп, пайдаланууга берилген. Тосоттун башчысы Эрлан Осмоновдун айтымында, бул жерде чек арачылар үчүн бардык шарттар каралган. Заман талабына жооп берген жабдыктар менен толукталып, чек арачылар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

— «Газпром» чек ара тосоту алтынчы жана сегизинчи чек ара тосоттору менен биргеликте Өзбек Республикасы менен 25 чакырым узундуктагы мамлекеттик чек араны кайтарат. Азыркы учурда Өзбек  Республикасы менен чек араны кайтаруу туруктуу. Күнүмдүк режимде кайтарылып жатат.

«Газпром» чек ара тосоту жаңы гана жазгы чакырылыштагы аскерлер менен толукталып, алар өздөрүнүн берген антында бек туруп, баарын өздөштүрүп, Мекенди көздүн карегиндей сактоого бел байлап жаткан учурлары. Застава башчысынын күжүрмөн даярдык боюнча орун басары Баяман Казыбековдун айтымында, аскерлерге күн сайын күжүрмөн даярдыкты жогорулатуу боюнча сабактар өтүлөт.

— Азыркы учурда биз чек арачынын тактикасы деген сабак өтүп жатабыз. Бул сабакта «Мамлекеттик чек арада эмнелерди  аткарабыз? Биздин милдеттерибиз кайсылар? Мамлекеттик чек арадан чек ара бузуучулар өткөндө, кандай аракеттерди көрүү керек?» — деген сыяктуу темалар окутулат. 

Ошондой эле, аскердик кызматта жүргөн аскерлердин тамак-ашына өзгөчө басым жасалат. Анткени, алардын ден соолугу биринчи орунда турарын чарба бөлүмүнүн командири Идирис Орозов айтты.

20 жылдын ичинде Кыргызстандын чек ара кызматы көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Бирок ага карабай, аталган кызматтын жетишкендиктери да арбын. Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн башчысы Айбек Орузбаевдин айтымында, мамлекет тарабынан аскер кызматкерлеринин социалдык жана материалдык абалына, аскердик техникалар менен камсыздалуусуна тиешелүү деңгээлде көңүл бурулууда.

— Бардык шарты бар, заманбап, жаңы тосоттор салынды. Баткен шаарында башкармалык курулду. Ошондой эле, аскер бөлүктөрүнө 90 батирлүү үй курулуп берилди. Андан сырткары, жаңы заманбап техникалар менен камсыз болду. Айтсак, мурда 20 аскер кайтара турган аймакты, азыр 1 эле аскер аппараттын жардамы менен кайтарып койсо болот.

Чек ара бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан аскерлерден ар дайым жогорку жоопкерчилик, ыкчамдык, шамдагайлык талап кылынат. Алар ар дайым күжүрмөн даярдыкта туруп, кандай кырдаал болбосун, бардыгына даяр болушу керек.

Copyright © 2017 Maral FM