Биз менен байланышыңыз

8-класстын окуучусунун өлүмүнө шектүү бала 2 айга камалды

Кыска кабар | 31 мая 2019 | 2365 | 0

Бүгүн, 31-майда Ош шаардык соту 8-класстын окуучусунун өлүмүнө шектүү катары кармалган 15 жашар баланын баш коргоо чарасын карап, аны эки айга камакка алууга чечим чыгарды. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын  маалымат кызматы билдирди.

Учурда Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 138-беренеси менен (адам өлүмүнө алып келген денеге оор залал келтирүү) сотко чейинки иликтөө жана тергөө иштери уланууда.

Эске салсак, Ош шаарында эки бала мектепке жакын жерде жайгашкан дүкөндүн алдында урушуп, натыйжада шектүү маркумга бычак шилтеп жиберген. Ош облустук балдар ооруканасына жаракат алып түшкөн 2004-жылы туулган бала каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM