Биз менен байланышыңыз

Үй карантинин бузган 6 жаран административдик жоопкерчиликке тартылат

Кыска кабар | 28 Апр 2020 | 401 | 0

Үй карантинин бузган 6 жаран административдик жоопкерчиликке тартылышат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.

Анын айтымында, Жоруктар жөнүндө кодекстин 127-беренесине ылайык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуулар үчүн 20 миң сомдон 60 миң сомго чейин айыппул каралган.

Мындан тышкары штабдын жыйынында белгилегендей, атайын мобилдик тиркеме аркылуу дагы 151 адамдын үй карантини режимин бузгандыгы аныкталган. Алар боюнча тийиштүү текшерүүлөр жүргүзүлөт.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгон жарандардын үй карантинин сактоолоруна көзөмөлдү күчөтүүнүн маанилүү экендигин баса көрсөттү.

Жыйында COVID-19 дартынын жайылуусуна каршы күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөр маселеси талкууланды. Саламаттык сактоо министрлигине апрель айы үчүн төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүү тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM