Биз менен байланышыңыз

Баткен: Чейрек кылымдан бери жарыксыз жашаган айыл

Коом | 31 мая 2019 | 2806 | 0

Баткен районундагы Дөбө айылы 1990-жылдары түптөлө баштап, 2016-жылы айыл макамын алган. Түптөлгөнүнө 30 жылга, айыл макамын алганына 3 жылга чукулдаса да, эмгиче электр энегриясы берилбей, таза суу маселеси чечилбей келет. Мындай көйгөйлөрдөн улам, жергиликтүү тургундар: «Муктаждыгыбызды чече турган бийлик өкүлдөрү барбы?» — деген суроо коюшууда.

100 чамалуу кожолугу бар Дөбө айылы чек ара аймагында жайгашкан. Эгемендик алган жылдардан тартып түптөлө баштаганына карабай, мамлекет тарабынан көңүл жылытарлык жардамдар берилбей келет. Мындай пикирлерди аталган айылдын тургундары билдиришти.

— Электр тармактар ишканасынан келгендер «адегенде акчаңды бер» дешет. Жасап бер десек жасашпайт. Айылды өнүктүрөбүз дешет. Кана өнүктүргөнү? Кайра айылды жок кылып жатышат.

— 20 жылдан бери суу да жок, жарытылуу электр энергиясы да жок. Тиешелүү жерлерге арызданып жатабыз. Бирок жооп алалбай келебиз. Мисалы бул электр линиясы араң эле турат. Эгер үзүлүп калса, адам өмүрүнө кооптуу.

Довутали Муратбеков — Дөбө айылынын тургуну. Айылды турактаганына үч жылдын жүзү болду. Суу маселесин жыл сайын көтөрүп чыгышканы менен чечилбей, 4 чакырым алыстагы кошуна айылдан ташып келип ичишерин айтат. Бул көрүнүшкө нааразы болгон тургун, «Өнүктүрүү жылы деген жарлыктын бул айылга тиешеси жокпу?» — дейт.

— Өкмөттүн өкүлүнүн орун басарына кайрылгандан кийин, таза суу чыгарып беришкен. Анысы да 1-2 күн чыгып, кайра токтоп калды. «Ар ким өз акчасына орнотсун» деп, электр мамыларын орнотуп беришпей жатат. Эл шартына карап, ар кай жактан кабель тартып алышууда. Бирок талапка жооп бербейт. Катуу шамал болсо, үзүлүп калат.

Жогорудагы маселелер боюнча жергиликтүү бийликке кайрылганыбызда, алардын да мүмкүнчүлүгү чектелүү экен. Баткен районунун аймагындагы ири айыл өкмөттүн бири болгон Кара-Бак айыл аймагы дотацияда тургандыктан, көпчүлүк маселелер каржылык жагынан чечилбей жатканын айыл аймактын башчысы Тургунбай Нишабаев билдирди.

— Жакынкы аралыкта 1 жарым чакырымдай жерге суу түтүгүн орнотуп жатабыз. Ошондой эле, мектептин алдына да суу чыгарууга аракет көрүүдөбүз. Ал эми электр мамыларына келсек, ага биздин айыл өкмөттүн күчү жетпейт.

Таза суу көйгөйү бир эле Дөбө айылында эмес. Алсак, облус аймагындагы 191 айылдын 98инде таза суу жок.

Copyright © 2017 Maral FM