Биз менен байланышыңыз

«Атамбаев Матраимовдордун мүлкү боюнча иликтөөгө маалымат берген болушу мүмкүн»

Кыска кабар , Пикирлер | 31 мая 2019 | 475 | 0

Экс-президент Атамбаев өлкөдө Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун темасынын көтөрүлүп турушуна кызыкдар. Мындан улам, ал маселени кызытуу үчүн журналист Али Токтакуновдун Матраимовдордун мүлкү тууралуу иликтөөсүнө өзүнө тиешелүү компроматтык маалыматтарды бериши ыктымал. Мындай пикирин саясатчы Эмилбек Каптагаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, иликтөөдөгү маалыматтар бир жыл мурда да айтылганына карабай, быйыл катуу талкууланып жатат. Анткени, эл Атамбаевдин бийлигинде журналисттерге, басма сөз эркиндигине карата басымга көнө түшкөн. Бийлик алмашып, президент Сооронбай Жээнбеков менен Атамбаевдин ажырымынан соң, элде ишеним, үмүт пайда болгон.

Бирок учурда ал ишенимдердин аткарылуусунда коомчулукта чочулоо, чыңалуу бар.

«Коом ири өзгөрүүлөрдү күтүп, тынчсызданып жатат. Тийиштүү орган иликтөөдө айтылган фактылар канчалык деңгээлде далилдүү экенин иликтеп, жооп бериши керек. Элдин суроо-талаптарынын бийлик бутактарына карай бурулушу — коомдогу чыңалуунун көрсөткүчү. Бийлик мындан сабак алышы керек», — дейт Каптагаев.

Copyright © 2017 Maral FM