Биз менен байланышыңыз

Кыргыздар спорт оюндарынын «Русский мир» III Фестивалына катышат

Кыска кабар | 31 мая 2019 | 448 | 0

Кыргызстандыктар Евразия элинин улуттук спорт оюндарынын «Русский мир» III Фестивалына катышат. Иш-чара ушул жылдын 12-июнунда Орусиядагы Москва облусунун Сергиев-Посадында Благовещенск аянтында өтөт.

Кечээ Кыргызстандын Орусиядагы Элчилигинин кеңешчиси Бүбүйра Абдыжапарова «Русский мир» III Фестивалынын өткөрүлүшүнө арналган пресс-конференцияга катышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Конференцияга Орусиянын эмгек сиңирген спортчулары катышып, фестивалдын башкы максаты элдин достугун, биримдигин спорт жана маданият аркылуу бекемдөөгө багытталганын, өткөрүүнүн мааниси тууралуу сөз кылышты.

Улуттук спорт оюндарынын «Русский мир» III Фестивалында кыргыз тарап ат оюндары программасы менен барат. Кыргызстандан жана Москва облусунан келген спортчулар Көк-бөрү баштаган бир катар ат оюндарынын түрлөрүн (Эр эңиш, Кыз куумай) көргөзүп беришет.

Ошондой эле Москва шаарындагы жана Москва облусундагы кыргыз диаспорасы аянтка боз үй тигет. Кыргыз улуттук кол өнөрчүлүк буюм-тайымдарынын көргөзмөсү уюштурулуп, улуттук тамак-аштары конокторго сунушталары мерчемделүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM