Биз менен байланышыңыз

Мыйзамсыз менчиктештирилген коомдук жайлар мамлекетке кайтарылат

Коом | 30 мая 2019 | 540 | 0

Жогорку Кеӊеш буга чейин менчиктештирилген, же башка мамлекеттик органдарга берилип кеткен коомдук жайлар боюнча өкмөттүн маалыматын укту. Ага ылайык, мурда Саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият жана спорт уюмдарынын карамагында болгон, учурда менчиктештирилип кеткен, же ижарага алынган жер тилкелерин өкмөткө кайтарып алуу аракети көрүлүүдө.

Мурда мамлекеттик мекемелерге тиешелүү болгон, кийин ижарага алынган, же менчиктештирилип кеткен жер тилкелердин, имараттардын абалы жөнүндө маалымат берген вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бүгүнкү күндө 35 бала бакчанын имаратын кайтарып алуу аракети көрүлүп жатканын билдирди. Ошондой эле, ал мамлекеттик жайларды каттоого алуу үчүн, ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык система ишке киргендигин маалымдады.

— 2019-жылы 51 мамлекеттик органдын мамлекеттик мүлктөрү боюнча маалыматтарды өзгөртүп, 18 органдан тиешелүү маалыматтар киргизилүүдө. Кайра каттоонун жыйынтыгында, мамлекеттин менчигинде саламаттыкты сактоо тармагында 2267 имарат жана 402 объект, билим берүү тармагында 1704 имарат жана 331 объект, маданият тармагында 212 имарат жана 61 объект, спорт тармагында 75 имарат жана 23 объект бар экени аныкталды.

Депутат Марат Аманбаевдин айтымында, борбордогу 11 бала бакчанын имаратын мамлекеттик органдар ээлеген. Мындан тышкары, өткөн кылымда эле салынган айрым мектептерге жаӊы имарат салып берүү маселеси чечилбей келет.

— Борбордогу айрым мектептер өткөн кылымда эле салынганы баарыбызга белгилүү. № 24, № 13, № 2, № 76 мектептер авариялык абалда турат. Ушундай абалга карабай, акыркы 3 жылда мамлекеттик бюджеттен бир тыйын да каражат бөлүнбөгөндүктөн, Бишкек шаарында бир да мектеп салынган жок. Эмнеге? Эмне үчүн мындай мамиле жасалып жатат?

Ал эми мыйзамсыз менчиктештирилген коомдук жайларды кайра мамлекетке кайтаруу боюнча прокуратура органдары 2012-жылдан бери иш алып барууда. Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Акимбаеванын маалыматына ылайык, билим берүү тармагындагы обьектилер боюнча жалпысынан 50 кылмыш иши козголгон.

-Билми берүү тармагындагы обьектилер боюнча жалпысынан 50 кылмыш иши козголгон. Анын 27си сотко жөнөтүлгөн. Бүгүнкү күндө тергөөдөн 3 өндүрүш менен токтотулуп, 19 кылмыш иши кыскартылган. Эми азыр жаңы кодекстер кабыл алынгандыгына байланыштуу бул иштер кайрадан каралат, жандандырылат.

Мурдагы жогорку окуу жайларына тиешелүү жатаканалар мыйзамсыз менчиктешип кеткенин эл өкүлү Эльвира Сурабалдиева айтат. Анын билдирүүсүнө караганда, ал жайлар бүгүнкү күндө мейманкана бизнесине айланган.

— Мурдагы билим берүү системасына тиешелүү имараттар менчиктештирип, бүгүнкү күндө мейманкана бизнесине айланып калыптыр. Аймактардан келген жарандарыбыз батир акы кымбат болгондуктан, ошол жерлерде жашап жатышат. Ал үчүн 6-9 миң сомго чейин төлөшөт экен. Ошону көзөмөлдөгөн киши жок. Жок дегенде оңдоп-түзөп беришпейт. Муну кайра мамлекетке алуу зарыл.  

Вице-премьер-министрдин айтымында, бюджеттен бөлүнгөн каражаттар негизинен жаӊы конуштардагы мектептердин курулушуна жумшалган. Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ачылган иштерден банк эсебине түшкөн каражаттын негизинде Бишкек шаары менен Чүй облусундагы бир катар мектептердин имараттарын оӊдоо жана кошумча корпустарды куруу мерчемделүүдө.

Белгилей кетсек, өкмөттүк саат Жогорку Кеңештин «Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият жана спорт уюмдарына мурда тиешелүү болгон, ижарага алынган, же менчиктештирилип кеткен жер тилкелердин, имараттардын, окуу жайлардын абалы жөнүндө» токтомунун аткарылышы боюнча өттү.

Copyright © 2017 Maral FM