Биз менен байланышыңыз

«Абылгазиев жаңы команда менен реформага барарына көзүм жетпейт»

Кыска кабар , Пикирлер | 30 мая 2019 | 448 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы команда менен реформага барарына көзүм жетпейт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Өкмөт башчы биринчи жолу өз командасын түзүп келгенин айтты. Бир жыл араң команда түзүлдү. Эми программа жазып башташат. Андан соң шайлоо болот. Көпчүлүк коалиция да убагында ишеним менен өкмөттү колдоп берген. Бирок Абылгазиев кызматтан алынган 9 министр ишеничин аткарбаганын билдирди. Жаңы келген министрлерди да ишеничимди аткарган жок деп кызматтан ала берсе, Абылгазиев программасын иштете албай, өзү отставкага кетет. Бирок эч ким жакшы ойдо калбайт, кадыр-баркы түшөт», — дейт Сабиров.

Эл өкүлү Абылгазиев командасын сакын катары көрүп жатканын белгиледи.

«Жетекчи өзүнүн кылган күнөөлөрү үчүн командасын салып берип турса, ал жерде команда жок деп эсептейм. Абылгазиев кызматтан кеткен 9 министр иштей албай, мен гана иштеп жатам деп, командасын саткын катары эсептөөдө. Эң өкүнүчтүүсү, Абылгазиев парламентти алдабашы керек. Мен көпчүлүк коалицияда туруп, ага каршы чыкканым туура эместир, бирок чындыкты айтуу зарыл. Өкмөт башчы апрель айында берген убадасын аткарган жок. Экинчиден, жаңы дайындалган 3 министрди парламенттеги көпчүлүк каолициядан өткөргөн жок», — дейт депутат.

Кошумчалай кетсек, 29-майда Жогорку Кеңеш Экономика министрлигине Санжар Муканбетовдун, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине Эркинбек Чодуевдин, Өкмөттүн Аппарат жетекчилигине Самат Кылжыевдин жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагалыгына Дастан Догоевдин талапкерлигин жактырган.

Copyright © 2017 Maral FM