Биз менен байланышыңыз

«Парламентти элге жаман көрсөтүү аракеттери болуп жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 30 мая 2019 | 492 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров «Марал» радиосуна берген маегинде парламентти элге жаман көрсөтүү аракеттери болуп жатканын билдирди.

Анын баамында, көп учурда өкмөттү парламентке түртүп коюшууда. Ортодо эч ким күнөөлүү болбой, парламент отставкага кетип, жоопкерчилик каралбай кала берет.

Ал эми өкмөттүн аракети президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөш, кландык башкаруу боюнча айткан сөздөрүнө каршы келүүдө.

«Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев президенттин айткандарын бузуп жатат. Мындан улам, өкмөт башчынын моралдык түрдө жумуштан кетүүсүн талап кылдык. Мен өкмөт башчыны аяп жатам. Парламенттеги коалициялык көпчүлүк өкмөттү колдойт. Алар министрлерди бөлүштүрүп жатканы да чындыкка дал келет», — дейт Сабиров.

Эл өкүлү мындан сырткары, өлкө тарыхында парламенттик башкаруу болбогонун, Кыргызстандын башкаруу системасын президенттик деп ачык эле айтуу зарыл экенин кошулчалады.

«Элде баарын парламент гана чечет деген түшүнүк пайда болуп калган. Бирок катуу сүйлөгөн, өзгөртүүгө барабыз деген депутаттар камалып кетүүдө», — деди Сабиров.

Copyright © 2017 Maral FM