Биз менен байланышыңыз

Парламентте Бабановдун ишин кароо сунушталды

Кыска кабар | 12 Дек 2018 | 901 | 0

12-декабрдагы жыйында ЖК депутаты Максат Сабиров (Республика-Ата-Журт) Улуттук коопсуздук кызматы менен Башкы прокуратураны парламентке келип, Өмүрбек Бабановдун иши боюнча маалымат берүүлөрүн талап кылды.

«Учурда Бабанов боюнча бир катар маалыматтар айтылып жатат. Ошондуктан бүгүн түштөн кийин УКМК менен Баш прокуратуранын өкүлдөрү келип, бул иш боюнча маалымат беришсин. Экс-президенттин Бабанов тууралуу айткандарынан кийин бул маселени сөзсүз караш керек»,-деп билдирди Сабиров.

Ошондой эле ал Бабанов жөнөкөй адам эмес, президенттикке талапкер жана шайлоодо экинчи орунду алган эл колдогон киши экенин да эскертти.

Сабировдун сунушуна спикердин орун басары Асел Кодуранова (КСДП) мындай маселелер комитетте каралып, анын чечими менен жыйынга алып чыгуусу керек экенин, эгер зарыл болсо добушка коерун айтты.

Эске салсак, экс-президент Алмазбек Атамбаев жакында телеканалдардын бирине берген маегинде Өмүрбек Бабановко козголгон кылмыш иши саясий куугунтук экенин, аны жаап салуу керектигин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM