Биз менен байланышыңыз

Депутат өкмөттүн өргүүгө кеткенин сынга алды (видео)

Кыска кабар | 3 Июн 2020 | 458 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 3-июндагы, жыйынында депутат Максат Сабиров өзгөчө кырдаалдар учурунда жана акыркы учурдагы Баткен облусундагы кыргыз-тажик жана кыргыз- өзбек чек араларындагы болуп өткөн окуялар учурунда өкмөттүн өргүүгө кеткенин сынга алып, азыр Өкмөттүн иштей турган убагы экендигин айтып, «Кайда жүрөт?» деген суроо салды.

Буга чейин Жогорку Кеңеште өкмөттүн жана премьер-министрдин дарегине жыштык сатуу фактысына байланышкан сын айтылган. 27-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкканы белгилүү болгон. Өкмөттүн басма сөз кызматы Абылгазиев «тергөөнүн жүрүшүнө басым көрсөтүп жатат деген сөздөрдөн алыс болуу үчүн кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алууну туура көргөнүн» билдирген.

Өкмөттүн ишин координациялоо биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго тапшырылган.

Жогорку Кеңештин 20-майдагы жыйынында депутат Жанар Акаев жыштык сатуу фактысы боюнча өкмөт башчынын жооп берүүсүн талап кылган. Ал бул коррупциялык иштен Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси камалганын, андан кийин УКМКнын башкармалыгынын жетекчиси камалганын, Өкмөттүн Аппаратынан да ушул маселе боюнча бүгүнкү күндө сурак берип жатышканын айтты.

Андан кийин өкмөттүн аппараты Абылгазиевдин бул ишке тиешеси жоктугун айтып, билдирүү тараткан.

Эске салсак, жакында эле Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы директору Наталья Черногубова коррупцияга шектелип кармалган.

Copyright © 2017 Maral FM