Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда карантиндик чектөө 15-августка чейин узартылды

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Июл 2020 | 504 | 0

Өзбекстанда коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссия өлкөдөгү карантиндик чектөөлөрдү 15-августка чейин узартты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Комиссиянын чечимине ылайык, бул аралыкта өлкөдө массалык иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө тыюу салынат. Жарандар аралыкты сактоого, көчөдө, коомдук жайларда, короолордо үчтөн ашык чогулбоого жана сөзсүз түрдө беткап кийип жүрүүгө милдеттүү болушат. Ошондой эле жашы 65тен өткөн адамдарга муктаждык болбосо үйдөн чыкпоо сунушталат.

Мындан тышкары, 15-августка чейин коомдук транспорттун, кийим-кече саткан базарлардын, ири дүкөндөрдүн, парктардын, фитнес-клубдардын, бессейндердин, чач тарачтардын, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин, окуу борборлорунун жана эс алуу жайларынын ишине тыюу салынат. Коомдук тамактануучу жайларга тамак-ашты кардардын үйүнө жеткирип берүү шарты менен гана иштөөгө уруксат берилет.

Комиссиянын билдирүүсүнө ылайык, карантиндик чектөөлөрдү 1-августка чейин узартуу тууралуу буга чейинки чечим өлкөдө илдеттин жайылышын азайтууга мүмкүнчүлүк берди.

Акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 20 миң 531 кишиге жетти. Алардын ичинен 11  миң 105 адам айыгып, 116 бейтап каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM