Биз менен байланышыңыз

Сузак районунун аймагында өзгөчө кырдаал киргизилди (видео)

Кыска кабар | 18 Мар 2020 | 1914 | 0

Сузак районунун аймагында өзгөчө кырдаал киргизилди. Бул тууралуу аталган райондун акимине таянып, жергиликтүү басылмалар жазууда.

Өзгөчө кырдаал учурунда төмөнкү чектөөлөр киргизилет.

  1. Өзгөчө кырдаал учурунда жалпы коомдук көзөмөлдү, мамлекеттик жана стратегиялык маанилүү объектилерди жана жалпы коомдук транспортту көзөмөлгө алууну күчөтүлөт;
  2. Адамдардын көп чогулуусуна алып келген массалык иш-чаралар өткөрүлбөйт;
  3. Сузак районунун аймагынан транспорттун баардык түрү менен чыгууга чектөө киргизилет.

Эске салсак, бүгүн 18- мартта Сауд Аравиясынан 12-мартта  учуп келген Сузак районунун үч жаранынан коронавирус аныкталган.

Сузактагы коронавирус катталган эки айыл карантинге алынганын «Фейсбук» колдонуучусу Талгат Бакиев видео билдирүү аркылуу жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM