Сузак районунун аймагында өзгөчө кырдаал киргизилди. Бул тууралуу аталган райондун акимине таянып, жергиликтүү басылмалар жазууда.
Өзгөчө кырдаал учурунда төмөнкү чектөөлөр киргизилет.
- Өзгөчө кырдаал учурунда жалпы коомдук көзөмөлдү, мамлекеттик жана стратегиялык маанилүү объектилерди жана жалпы коомдук транспортту көзөмөлгө алууну күчөтүлөт;
- Адамдардын көп чогулуусуна алып келген массалык иш-чаралар өткөрүлбөйт;
- Сузак районунун аймагынан транспорттун баардык түрү менен чыгууга чектөө киргизилет.
Эске салсак, бүгүн 18- мартта Сауд Аравиясынан 12-мартта учуп келген Сузак районунун үч жаранынан коронавирус аныкталган.
Сузактагы коронавирус катталган эки айыл карантинге алынганын «Фейсбук» колдонуучусу Талгат Бакиев видео билдирүү аркылуу жарыялаган.