Биз менен байланышыңыз

Масалиев менен Сабиров Өкмөт башчынын отставкасын талап кылды

Кыска кабар | 29 мая 2019 | 799 | 3

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев менен Максат Сабиров премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкага кетүүсүн талап кылды. Бул тууралуу эл өкүлдөрү Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда айтышты.

Депутаттар Өкмөт башчынын айланасындагы бажа, бир туугандары тууралуу айтылган сөздөрдөн улам, анын бул кызматты ээлөөгө моралдык укугу жок экенин белгилешти.

Исхак Масалиев: «КТ Мобайл» компаниясынын тегерегиндеги чуудан кийин эле премьер-министр отставкага кетүүгө арыз жазышы керек болчу», — деди.

Абылгазиев «КТ Мобайл» боюнча депутаттык комиссия иштеп жатканын айтты.

«Айтылгандардын баары эле чындыкка туура келе бербейт. Эгер менин айыбым болсо, мен андан жыйынтык чыгарам. Же Сиздер менин ишиме  адилеттүү баа бериңиздер», — деди Өкмөт башчы.

Парламент ушу тапта Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына Эркинбек Чодуевдин, Экономика министри кызматына Санжар Муканбетовдун, Маалыматтык технология жана байланыш комитетинин төрагалыгына Дастан Догоевдин, Өкмөттүн аппаратынын башчылыгына Самат Кылжыевдин талапкерлигин карап жатат.

Алардын талапкерлигин көрсөткөн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жыйынга өзү катышып, депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.

3 пикир

3 пикир

  1. Ыманкул

    30.05.2019 08:11

    Тукурук окмот менен чимкирик парламенттен качан кутулабыз? Кыргызстандын тарыхында мындай ото начар окмот ото начар парламент болгон эмес. Тарыхта кара так болуп калдынар уятсыздар.

  2. Шайлоочу.

    30.05.2019 09:17

    Масалиев атасынын аркасы менен депутат болуп, тантырап журуп коммунистерди таратып, бир тууган кудасы Жанторо Сатыбалдиевдин аркасы менен салык инспециясынын башчысы болуп, андан алаган параларын казинодо уттуруп эми бажага сын айткандан айланабы. Озу бюджетке Кадамжайдагы 2 мектепке акча которто албаганына ичи куйуп жатканын ачык айтты го. Бул мектептин денгээлиндеги байкушту депутат кылып катарына кошкон партия арсыз. Мен эл деген жокмун шайлоочулар деп айттым деп тантырады. Демек шайлоочу адам эмес экен да. Исхакка кошулган Максаттын жолу болсун. Копшок адам арам болот дечу эле. Досун Исхак болсо сен деле андан алыс эмес экенсин. Айтор аман эле болгула. Орустун жакшы созу бар-Акмак экенинди билдиргин келбесе унчукпа деген. Колунардан келсе унчукпаганынар он.

  3. Шайлоочу

    30.05.2019 09:21

    Токтогазиев Чодуевди айбанга тенеп салды. Эми кантип анын орун басары болот. Ойду тоону суйлогон тартипсиз зоокур экени корунду. Президент келесоо эмес да ушундай талпакеге министрликти берген. Берки экоо андан бетер макулук экен. Апрелге уят ушундай немелерди эфирге алып чыккан. Же туура эле кылдынар, кимдин ким экенин корсотуп.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM