Биз менен байланышыңыз

Биринчи кварталда бирдиктүү реестрде 39 миңден ашык кылмыш жана жорук катталган

Коом | 29 мая 2019 | 602 | 0

2019-жылдын биринчи кварталынын маалыматы боюнча, коррупциялык иштердин негизинде мамлекетке келтирилген чыгымдар 2018-жылдагы жалпы көрсөткүчкө караганда эки эсеге көп. Тагыраагы, өткөн жылы коррупциялык кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирген зыяндын жалпы суммасы 3 млрд. 489 млн. 515 миң сом болсо, ушул жылдын биринчи кварталында эле 5 млрд. 981 млн. 843 сомду түзгөн. Бул туурасында Ыкчам тергөө иш-чараларын көзөмөлдөө башкармалыгынын улук прокурору Бакыт Сыдыгалиев билдирди.

— 2018 жылга карата коррупциялык кылмыш иштер боюнча мамлекетке келтирген зыяндын жалпы суммасы 3 млрд. 489 млн. 515 миң сомду түзүп, келтирилген зыяндын орду 183 млн. 809 миң сом өлчөмүндө болгон. Ал эми 2019-жылдын биринчи кварталында коррупциялык зыяндын суммасы 5 млрд. 981 млн. 843 сом болгон. Анын ичинен тергөөнүн жүрүшүндө бюджетке 43 млн. 784 миң 800 сом кайтарылган. Калган маалыматтар боюнча тергөө жүрүүдө.

Статистикадагы мындай чоң айырманы Коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышы боюнча башкармалыгынын прокурору Кумар Байдылдаев 2019-жылдын 1-январынан тартып ишке кирген бирдиктүү реестр системасы менен байланыштырат. Анын айтымында, жыл башынан бери 20-майга чейин экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча органдар тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 269 жорук жөнүндө арыз-кабарлама катталган. Анын ичинен 36 иш сотко ашырылган.

— Катталган 269 иштин ичинен 36 иш сотко жиберилген, 48 иш өндүрүштөн кыскартылган, 19 иш кылмыштын белгилери тастыкталгандыктан, тергөө бөлүмчөлөрүнө өткөрүлгөн, калган 165 иш боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

«Статистикалык маалыматтагы сандарды салыштырууда бирдиктүү реестрдин таасири болушу мүмкүн. Бирок өндүрүлгөн сумма жөнүндө кеп болуп жатса, ага таянбоо керек», — дейт эл өкүлү Алмамбет Шыкмаматов. Эл өкүлү белгилегендей, чындыгында, бирдиктүү реестрдин ишке кириши менен бир да кылмыш жашыруун калбай, кандай гана иш болбосун, юридикалык баа берилет.

— Бирдиктүү реестр киргенден кийин эми жашыруу болбой калды. Кандай гана кылмыш иш болбосун, катталат жана баа берилет. Бирок акыркы учурда каражатты өндүрүүгө келгенде, статистика менен эле чектелип калдык. Ошол акча бюджетке түшкөндөн кийин гана айтсак болмок. «Зыяны такталганы менен канчасы өндүрүлүп жатат?» — деген суроо пайда болот.

Жалпысынан алганда, бирдиктүү реестрге 1-январдан бери 39 миң 262 арыз келген. Анын ичинен 22 миң 164ү кылмыш, 17 миң 98и жоруктар болуп катталган. Алардын ичинен 91 %ын ИИМге келген иштер түзөт. Бул туурасында Статистикалык анализ жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Эмил Чамбаев билдирди.

Эң көп кылмыш иши ИИМ тарабынан катталган. Алардан келген иштер жалпы каттоонун 91 %ын түзгөн. Ал эми аймактар боюнча ала турган болсок, эң көп Чүй жана Бишкек шаарында катталган. Бишкектен 17 миңден ашык, Чүй облусунда 6 миңден ашык каттоо жүргөн.

Маалыматка ылайык, 1 кварталда кызматтык жана коррупциялык кылмыштар  боюнча 688 иш катталган. Анын ичинен ишенип берилген мүлктү уурдоо боюнча — 20; аткезчилик боюнча — 2; коммерциялык кызматын кыянаттык менен пайдалануу боюнча — 3; коррупция боюнча — 6; кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча — 497; кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу боюнча — 3; мамлекетке зыян келтирген келишимди түзүү боюнча — 3; мыйзамсыз баюу боюнча — 4 иш катталган. Ал эми пара алуу боюнча — 53, кызматтык жасалмачылык боюнча 56 кылмыш иши козголгон.

Copyright © 2017 Maral FM