Биз менен байланышыңыз

Токтогазиевге орун басарлык кызмат сунушталды

Кыска кабар | 29 мая 2019 | 553 | 0

Жаш ишкер Тилек Токтогазиевге Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары болуу сунушу түшкөнүн өзүнүн Фейсбук баракчасына билдирди.

Ал ошондой эле, жообун жергиликтүү каналдардын биринде боло турган дебатта бере тургандыгын билдирген.

Эске салсак, Мухаммедкалый Абылгазиев Тилек Токтогазиевдин жаш экендигин айтып, аталган министрликте министрдин орун басары болуп эмгектенген, 55 жаштагы Эркинбек Чодуевдин талапкерлигин Жогорку Кеңешке сунуштап, ал 101 добушу менен колдоого ээ болгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM