Биз менен байланышыңыз

Бүгүн өлкөдө Куралдуу Күчтөрдүн түзүлгөн күнү белгиленет

Кыска кабар | 29 мая 2019 | 552 | 0

Бүгүн, 29-май — Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн күнү. Кыргызстанда Куралдуу Күчтөр күнүн белгилөө туурасында чечим 1992-жылы кабыл алынып, андан бери расмий түрдө майрамдалып келет. Өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы аскердик башкаруунун борбордук органы жана КРнын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик түзүмдөрүн оперативдик башкаруунун башкы органы болуп эсептелет.

Кечээ Чек ара кызматынын түзүлгөн күнү менен кошо өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн күнүнө карата салтанаттуу иш-чара уюштурулуп, ага өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков катышкан. Өз сөзүндө өлкө башчысы Армия элдин тынчтыгын жана өлкөнүн бакубаттыгын камсыздай турганын айтып, Армия — жөнөкөй адамдардын тынч эмгегин жана өлкөнүн бакубаттыгын камсыз кылуунун кепилдиги экенин баса белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM