Биз менен байланышыңыз

Куралдуу күчтөрдүн «Сары-Таш-2019» машыгуусу өтөт

Кыска кабар | 16 Июл 2019 | 547 | 0

18-20-июль күндөрү өлкөнүн Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы биргелешкен тактикалык «Сары-Таш-2019» машыгуусун өткөрөт. Бул тууралуу Башкы штабдан билдиришти.

Машыгуунун максаты — өлкө аймагында мыйзамсыз куралдуу топторду жок кылуу боюнча биргелешкен операциялык машыгууларга даярдык көрүү жана өткөрүү болуп саналат.

«Машыгууга 500гө жакын адам, 100дөн ашуун аскердик техника, артиллериялык тутум, самолеттор, вертолеттор жана учкучсуз учуучу аппараттар тартылат.  Ага Куралдуу күчтөрдүн кургактагы аскерлери, абадан кол салуудан коргоо күчтөрү жана Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук комитетинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү да катышат«, — деп айтылат маалыматта.

Машыгууга даярдыктарды көрүүнүн алкагында Сары-Таш аймагында керектүү инфратүзүм түзүлүп, талаа чатыр лагери курулган.

Copyright © 2017 Maral FM