Биз менен байланышыңыз

Чек арачы эне: Шашылыш учурда балдарды таштап кетүүгө аргасыз болчумун

Коом | 28 мая 2019 | 836 | 0

Быйыл Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөнүнө 27 жыл толсо, Чек ара кызматынын түптөлгөнүнө 20 жыл болду. Өлкөнүн тынчтыгын сактоо үчүн бардык кырдаалга даяр турган аскерлерди президент куттуктап, сыйлуу белектерин тапшырды. Салтанаттуу иш-чарага катышкан президент өлкөнүн тынчтыгын камсыз кылууда алардын орду чоң экенин белгилеп, ушул кызматты муундан-муунга өткөрүп келген ардагерлерге ыраазычылык билдирди.

Аскерлер үчүн ант берүү — ыйык милдет. Берилген ант үчүн ар бир аскер кандай гана шарт-жагдай болбосун, өз милдетин так аткарат. Мына ошондой аскер кызматкерлеринин бири Урфуниса Газиева аял киши болгонуна карабай, 15 жылдан бери чек арада кызмат өтөп келет. Оор кырдаалдарда балдарын таштап кетүүгө да аргасыз болгон күндөрүн эстейт.

— Албетте, аял киши үчүн оор. Өзгөчө балдар кичинекей кезинде оор болду. Бирок азыр өкүнбөйм. Жакындарым, ата-энем сыймыктанат. Эң кичүү уулум 11 жашта. Азыр ал дагы аскер болгусу келет. Тилеги ишке ашып, аскер болом десе, колдойм.

Чек арадагы кызмат татаал географиялык шартта, сырткы күчтөрдүн дайыма коркунучу болгон жерлерде өтөт. Андыктан, бул кызматты Мекенди жан аябай коргоого даяр болгон адам гана аркалай алат. 26 жылдан бери чек арада кызмат кылып келе жаткан Ош облустук Чек ара башкармалыгынын оорук боюнча башчысынын орун басары Афтандил Ибраимов: «Берилген тапшырманы кынтыксыз аткаруу милдетим», — деп билет.

— Чын-чынына келгенде кызмат оор. Түнү-күнү кызмат кылган жоокерлерибиз бар. Суук болобу, түз болобу, жол кооптуу болобу, биз ошол айтылган чекке барып кызматыбызды аткарууга милдеттүүбүз.

Аскерлердин социалдык жашоосун жакшыртуу максатында акыркы бир жарым жылда 267 батирлүү 9 турак үй курулса, анын ичинен Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери үчүн 96 батирлүү 4 үй бөлүнгөн. Үй-бүлөсү менен өмүрүн Мекенге кызмат кылууга арнаган полковник  Каныбек Рыскулов жаңы түзүлүп жаткан шарттар үчүн ыраазы. Бул аларды кызмат кылууга шыктандырарын айтат.

— Акыркы кезде биз үчүн жакшы, заманбап шарттар түзүлүп жатат. Бул — оор жагдайда кызмат өтөгөн аскер үчүн абдан маанилүү. Ошондой эле, социалдык жактан колдоо максатында да үйлөр берилип жатат. Учурда биз кезекте турабыз. Түзүлгөн шарттар ар бир аскерге дем берет.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн 27 жыл, Чек ара кызматынын түптөлгөнүнүн 20 жылдыгын белгилеген салтанатта өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков аскерлер баатырдык барактарга толгон сыймыктуу тарыхын жаратканын белгиледи. Ошондой эле, бул ыйык милдетти муундан-муунга өткөрүп келген ардагерлерге ыраазычылык билдирип, бир катар аскерге, ардагерлерге энчилүү сааттарын тапшырды.

Чек арачы болуу, Ата Мекендин сырткы чегин коргоо — өтө татаал, бирок өзгөчө сыймыктуу миссия. Өз Мекенине берилгендикти, кыраакылыкты жана эрдикти талап кылат. Чек арадагы кызматтын басымдуу бөлүгү, географиялык оор шартта, ар кандай сырткы күчтөрдүн деструктивдүү аракеттери такай кайталанып турган заставаларда өтөт. Мекен чегин жан аябай коргоого даяр болгон инсан гана чек арачы боло алат.

Ошондой эле, иш-чарада Мекен үчүн баатырларча курман болгон чек арачы аскерлер да эскерилди.

Copyright © 2017 Maral FM